2024-жылдын 4-июлунда “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек шаарында элеватордук түйүндөрдү  модернизациялоо уланууда. Жалпысынан 1825 жылуулук түйүндөрүн жаңылоо пландаштырылууда, бул Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн кыйла жакшыртат.

Бүгүнкү күндө 756 жылуулук түйүнү жаңыланды.

Модернизациялоодо заманбап автоматтык жабдуулары жана эсепегич приборлор орнотулуп, жылуулук энергиясын факты боюнча керектелгендигин аныктап, бирдей бөлүштүрүүгө жана шаардын бардык тургундарын сапаттуу жылуулук менен камсыздоого шарт түзүлүүдө.

“Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору Бишкек шаарында ишенимдүү жана эффективдүү жылуулук менен камсыздоо системасын түзүүгө багытталган. Жылытуу агрегаттарын модернизациялоо эксплуатациялык чыгымдарды, жылуулук жоготууларын азайтып, бардык керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуулук жаратат.

Эске сала кетсек, «Бишкекжылуулуктармагы» Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууда. Долбоор 2017-жылдын октябрында Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана тандалган аймактарда жылуулуктун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатын көздөгөн.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүндө эскирген элевартордук түйүндүн ордуна 221 жаңы жеке жылытуу пункттары орнотуп, 2210 “акылдуу эсептегичтер” орнотулган, 1825 иштеп жаткан жылуулук түйүндөрүн модернизациялоо улантылууда. Келечекте «акылдуу эсептигичтер» маалыматты ишкананын серверине алыстан берип турат.

Долбоор белгиленген графикке ылайык уланат жана белгиленген мөөнөттө бүтөт.