Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан саат 06:00дөн баштап тазалыкты бузгандарга жана таштанды полигонун жоюуга каршы рейд өткөрүлдү.

Алсак, рейд учурунда 9 мыйзам бузуу  аныкталып, 103 500 сом айып салынган.

Ахунбаев көчөсү, Достоевский көчөсүнөн 7-апрелге чейин таштанды таштоочу үч пункт бар.

Контейнердик аянтчалардын демонтаждалганына байланыштуу шаардыктар таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгарышууда.  

Аталган көчөдө 4 эреже бузуу аныкталган. Турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык эки жеке адамга жана жеке ишкер Б. А. Мга  айып пул салынды.  

Тигүү калдыктарын таштагандыгы үчүн Д.Ч. Т аттуу жаранга 115-берененин 2-бөлүгү боюнча айып протоколу жазылды.

Аталган аймактагы белгиленбеген жерге таштанды ыргыткан жарандарга салынган айып пулдун жалпы суммасы -51 000 сом.

Арча-Бешик конушундагы белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткан эки жаран аныкталды. Аларга КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115- беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык 5500 сомдон 11000 сомго айып салынган.

Такталбаган жерге таштанды таштаганы үчүн Ас-Казан ЖЧКсы Административдик жоопкерчилик тартат.

КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115- беренесинин 1- бөлүгү ылайык жеке ишкер А. С. А. 17000 сом айып пул төлөйт.  

Ошондой эле рейддин жүрүшүндө кургак жана катуу тиричилик калдыктарын өрттөгөн бир учур аныкталган.

Жеке жаранга  115-берененин 3-бөлүгүн бузгандыгы үчүн протокол түзүлгөн.  Айып пулдун суммасы-7 500 сом.

Ошону менен бирге ар бир эреже бузуучу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан белгиленген графикке ылайык таштандыны өз убагында чыгарып туруу, ошондой эле  кайталап эреже бузууга жол бербөө зарылдыгы белгиленди.