Исанов көчөсүнүн  Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоп-түзөө  иштери бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн ачылды.

Белгилей кетсек, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эски асфальтты алып, 2 катмар ысык асфальт төшөп, жээк таштарды, ирригациялык системаны орнотушту, ошондой эле  кудуктарды жолдун деңгээлине көтөрүп, эки тараптагы тротуарларды оңдоп, жол белгилерин түшүрүштү.