Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 4-июлда ЖЭБ аймагында шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү.  

Жыйында жылуулук электр борборун 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бишкек ЖЭБи июнь айында мэриянын балансына өткөрүлүп берилген. Буга чейин  "Электр станциялары" ААКнын филиалы болгон.