Бишкек шаарынын жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында борбор калаадагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин улантууда.

Учурда Жукеев –Пудовкин  жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат.  

Бүгүнкү күндө 100 жарнамалык конструкциялар демонтаждалган.

Коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаардык МАИ  кызматкерлери ишти жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүдө.

Урматтуу ишкерлер! Жарнамалык конструкцияларды өз ыктыярыңыз менен демонтаж кылууңузду суранабыз. Эскирген металл конструкцияларды заманбап LED экрандарга алмаштыруу Бишкек шаарына эстетикалык көрк берет.