Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Эртең, 4-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсү менен кесилиши ачылат.

Ушул эле күнү Байтик баатыр менен Горький көчөсү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Андан тышкары, Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши жол курулушундагы зарылчылыкка байланыштуу 7-июлга чейин жабык болот. Аталган кесилиште көпүрөнүн үстүндөгү эски асфальт алынып, жаңы асфальт басылууда.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр Горький көчөсүнүн кесилиши жабылгандыгына байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү: №195, 152, 103, 55, 56, 145, 102, 42, 169, 212.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургандарынан өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Өзгөргөн кыймыл чиймелер менен төмөндөн таанышсаңыздар болот:

Схемы