Борбор калаанын башчысынын тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиев борбор калаанын санитардык абалын жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча жеринде жолугушууларды өткөрүүдө.

Кезектеги пункт Касымалы Баялинов көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө чейин болду.

Жыйынга борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын адистери, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жеринде протокол түзүлүп, кызматтарга эки жуманын ичинде куурап калган бак-дарактарды кыюу, таштанды челектерин орнотуу, аялдамаларды сырдоо, ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошентип, “Тазалык” муниципалдык ишканасына сугат тармактарын тазалоо иштерин жүргүзүү, жогоруда аталган көчөлөрдү тазалоону күчөтүү жана көзөмөлгө алуу тапшырылды.

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасына тротуарга чектеш аймактардагы дүмүрлөрдү алуу, топурактарды тегиздөө, ошондой эле М.Ганди жана К.Баялинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги ирригациялык тармактарды тазалоо иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына Баялинов көчөсүндөгү чуңкурларды жамоо иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык чарбалык субъекттерге чектеш аймактарын тазалоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Жерди пайдаланууну контролдоо  башкармалыгына мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкцияларын жана жеңил объектилерди демонтаждоо боюнча рейддерди өткөрүү тапшырылды.

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасына К.Баялинов көчөсүндөгү электр панелдерин иретке келтирүү же демонтаждоо тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Биринчи май акимиаты муниципалдык инспекция менен биргеликте К.Баялинов көчөсүндөгү №180 үйдүн каршысындагы жер тилкесинин темир тосмолорун иретке келтирүүсү жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштерин жүргүзүүсү зарыл.

Ошондой эле, Биринчи май райондук администрациясына «Тазалык» жана “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканалары менен биргеликте Касымалы Баялинов көчөсүндө туш келди ташталган дөңгөлөктөрдү, бордюрларды жана таштарды тазалоо тапшырылды.

Белгилей кетсек, көчмө жыйындар борборду өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин жеринде олуттуу талкуулоого мүмкүндүк берет.