«Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында фиджитал-футбол боюнча «Келечек оюндары» мультиспорттук турнири өттү.
«Келечек оюндары» – бул физикалык (physical) жана санарип (digital) спорт түрлөрүн бириктирген мультиспорттук иш-чара.
Турнир жаштар арасында дени сак жашоо образын жайылтууга жана Кыргызстандагы жаңы фиджитал-дисциплиналарга көңүл бурууга багытталган.
Турнирге жалпысынан 8 команда (64 спортчу) катышты.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр болуп төмөнкүлөр аныкталды:
1-орун - KYRGYZ FORCE;
2-орун - Кыргыз Фристайл;
3-орун - Тойота Борбору.
Мындан тышкары, мыкты оюнчу наамын Атай Өмүрзаков алды.
Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти Кыргызстандын компьютердик спорт федерациясы менен биргеликте Кыргыз футбол союзунун колдоосу менен уюштурду.