Бүгүн, 2024-жылдын 3-июлунда борбордогу мектептердин 165 окуучусу Ысык-Көлгө эс алууга кетишти.

Балдардын жайкы эс алуусу жакшы өтсүн деген тилек менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачева, борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаментинин  директору Рахат Мусаева жана мектеп окуучуларынын ата-энелери узатышты.

Белгилей кетсек, «Жалын» лагеринде 8 жаштан 15 жашка чейинки 305 бала эс алат. Балдарды каттоо эки агымда жүргүзүлөт:
- биринчи агым 2024-жылдын 3-июлунан 12-июлуна чейин;
- экинчи агым 2024-жылдын 12-июлунан 22-июлуна чейин.