АТРдин алкагында Бишкек шаарына кошулган Төмөнкү Аларча айылынын ҮДТ кызматкерлери (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) таштандыларды өрттөштү. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору мыйзам бузуу болгон жерди аныкташты.

Андан тышкары, ҮДТнын жанаша аймагында ташталган медициналык каражаттар – ачык шприцтер жана ампулалар, кол каптар жана башка дары-дармек каражаттарынын калдыктары болгон.

Эреже бузуулар сүрөткө жана видеого тартылган. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүн жана 3-бөлүгүн сактабагандыгы үчүн медицина кызматкерлерине жеринде протоколдор түзүлгөн. Салынган айыптардын жалпы суммасы-46 000 сом.

Кызматкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, бардык медициналык калдыктар коопсуз түрдө жок кылынышы керек. Кокусунан ачык асманга ыргытылган дары-дармек чоң коркунуч жаратат.

Медициналык калдыктарды таштоо жана өрттөө үчүн КР укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик каралган.