Бишкектин окуучулары 2024-жылдын 27-июнунан 1-июлуна чейин Санкт-Петербург шаарында өткөн легендарлуу бүтүрүүчүлөрдүн “Алые паруса” иш чарасына катышты.

Бул мүмкүнчүлүк ар бир бүтүрүүчүнүн кыялы, алар позитивдүү эмоцияларды алып, шаардын тарыхый музейлерине жана маанилүү жерлерине барышты.

Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн шаардын көчөлөрү боюнча экскурсиялар уюштурулуп, имараттардын, жээктердин, көпүрөлөрдүн жана башка объектилердин тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндалды.

Белгилей кетсек, талапкерлерди тандоо максатында 2024-жылдын 15-майында борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаментини тарабынан Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын 11-класстарынын окуучуларынын арасында «Санкт-Петербург шаарынын тарыхы» деген темада дил баяндар сынагы жарыяланган.

Билим берүү уюмдарынан 30 иш түшүп, дилбаяндар Бишкек шаарынын мэриясынын Санкт-Петербург шаарындагы өкүлчүлүгүнө өткөрүлүп берилген, андан соң эң мыкты 18 эмгек тандалып алынган, алардын авторлору жыл сайын өтүүчү Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында бүтүрүүчүлөрдүн «Алые парустар» майрамына катышууга укук алышкан.