Шаардык муниципалитетте Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүнө,   Юристтер күнүнө, ошондой эле Салык кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү.

Мэрдин биринчи орун басары  Мирланбек Байгончоков жалпы тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздердин  кесипкөй, жоопкечиликтүү, ак ниет жана талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында борбор калаабыз өнүгүүгө багыт алып, көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылып  жатат», - деп кошумчалады Мирланбек Байгончоков.

Ошентип, жемиштүү эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн жогоруда аталган тармактардын адистери күмүш төш белги, кол сааттар, Ардак грамоталар, ошондой эле ыраазычылык каттар менен  сыйланышты.