Муниципалдык инспекция борбордогу тартип үчүн күрөштү улантууда.

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн бир катар компанияларга жана шаардыктарга айып пул салынды.

Алсак, "Арай" курулуш компаниясы Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин эки беренесин бузган.Тагыраак айтканда, компаниянын жумушчулары уруксаты жок жергиликтүү калкты Мыскал/Жеткинчек көчөсүндөгү канализацияга туташтырышкан. Натыйжада төшөлгөн асфальт бузулуп,  топурак казылган.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 117-беренесинин 2- жана 179-берененин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн компанияга салынган айып пулдун жалпы суммасы 40 000 сомду түздү.

Ошондой эле ушул эле компания Ленин районунда газдаштыруу жүргүзгөндүгү аныкталды. Жолдун бузулган бөлүгүн калыбына келтирбегендиги үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 000 сом суммасында протокол түзүлгөн.

Санитардык тазалыкты сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 000 сом айып пул "Куликовский" кондитердик үйүнө салынды.  

Ушул эле берене боюнча "Алхан Адал" ЖЧКсына, "Береке Билдинг" ЖЧКсына, "Фирма сантехника" ААКсына жана  «Братство Славян»"ЖЧКсы айыпка жыгылды.

Таштандыны белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн К.Д. Р. аттуу шаар тургуну КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-берененин 1-бөлүгү боюнча жоопкерчилик тартылды. Салынган айып пулдун суммасы-5500 сом.

Урматтуу шаар тургундары, уюмдар! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыз! Тартипти жана тазалыкты  бузгандар үчүн КР укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул каралаарын эскертебиз.