Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков менен Санкт-Петербург шаарынын Маалыматташтыруу жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Кузьмин жетектеген өкмөттүк делегациянын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга ошондой эле мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Гүлназ Халилова, "Санариптик технологиялар борбору" МИсинин директору Марс Сыдыков жана башкалар катышты.
Күн тартибинде санариптештирүү жаатында Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын өнөктөштүгүн активдештирүү маселеси каралды.
Мирланбек Байгончоков Санкт-Петербург шаары менен кызматташуунун маанилүүлүгүн жана тажрыйба, методологияны үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Делегациянын катышуучулары Санкт-Петербургдагы баңгизаттардын абалына мониторинг жүргүзүү системасын жана «Коопсуз шаар» аппараттык-программалык комплексин көрсөтүштү.
Ошондой эле Бишкек шаарында «Антинар» долбоорун пилоттук режимде ишке ашыруу сунушу айтылды.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте санариптештирүүнүн башка багыттарын жана мэриянын ишмердүүлүгүн камтыган долбоорду ишке ашыруу маселесин кароо чечими кабыл алынды.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.