Борбор калаанын аймагындагы суу объектилеринин жанында тыюу салынган белгилердин бар-жогу боюнча рейддик текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Алсак, Свердлов районунун аймагындагы текшерүүнүн жүрүшүндө Тоголок-Молдо, Осмонкул, Үсөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн жана БЧКнын каналдары текшерилди.
Рейдге райондук администрациянын кызматкерлери, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн жана ӨКМнын өкүлдөрү, ошондой эле №19, 20, 21 МАБнын кызматкерлери катышты.
Биринчи май районунда жайкы сууга түшүү сезонунда муниципалдык администрациянын кызматкерлеринен, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жана ӨКМдин өкүлдөрүнөн, ошондой эле МАБнын кызматкерлеринен суу объекттериндеги коопсуздук эрежелеринин талаптарын жергиликтүү калкка маалымдоо жана сууга түшүүгө тыюу салынган суу объектилерине атайын маалымат белгилерин (плакаттар, баннерлер) орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн.
Жабдууланбаган суу сактагычтарга кирүү эрежелерин сактоо боюнча жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, төмөнкү даректерге баннерлер орнотулду.
- Ала-Арча дарыясында, Малдыбаев-Абай, Малдыбаев-Жаманбаев, Малдыбаев-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде (№12 МАБ)
- БЧК каналын бойлой Манас, Тоголок-Молдо, Исанов, Профессор Зимы, Махатма Ганди жана «Бүргө» көлмөсүн бойлото (№13 МАБ);
- БЧК, Махатма-Ганди, Кулиев, Ленин, Республика, Коммунаров дарыяларынын каналдары боюнча, Мыскал дарыясынын боюнда жана Ала-Арча дарыясы менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде (№ 14 МАБ);
- БЧК Кемин, Бурдинск, Жалал-Абад, Набережный, П.Лумумба-Талды Суу, Талды Суу № 57а/1 каналдары боюнча (МАБ № 15);
- Ак-Босого, Мурас-Ордо конуштарында, Калыс-Ордо конушунун Ала-Арча суу сактагычынын жээгинде (№16 МАБ);
- Степное жана Озерное айылдарында («Пригородное» МАБ);
- Ала-Арча дарыясы менен Набережный көчөсүнүн кесилишинде («Маевка» МАБ).
Октябрь районунун аймагындагы текшерүүнүн жүрүшүндө Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугу, ошондой эле Адинай сейил багындагы суу объектилери текшерилди.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө суу объектилеринин жанына тыюу салуучу белгилер орнотулуп, сырдалды.
Рейдге Октябрь районунун муниципалдык администрациясынын кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Урматтуу ата-энелер! Сак болуңуздар, балдарыңыздарга белгиленбеген жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынгандыгы жөнүндө баарлашыңыз! Анткени, балдардын өмүрү жана коопсуздугу биринчи орунда турат.