2024-жылдын 1-июлунда Бишкек Жылуулук электр борборунун социалдык ашканасы иштей баштады, анда кызматкерлер ишкананын эсебинен тамактанышат.

Белгилей кетсек, ашкана бардык жумушчуларды ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн эки нөөмөт менен иштейт.

Борбор калаанын тургундарын жарык, жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ЖЭБдин  бир жарым миңден ашык кызматкерлерине чоң жоопкерчилик жүктөлөт.

Ишкананын кызматкерлери тарабынан шаардын жылуулук жана электр коопсуздугун камсыздоо боюнча аракеттеринин маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин эске алып, бул демилге ишкананы өнүктүрүү жана кызматкерлерди социалдык жактан колдоо боюнча жетекчиликтин биринчи маанилүү кадамы болуп саналат.

Эскерте кетсек, бул иш-чара мэрдин орун басары Талайбек Байгазиевдин, ишкана жетекчилигинин жана инвесторлордун колдоосу менен ишке ашты.

Бүгүнкү күндө ашкананын ачылышына ишкананын кызматкерлери чоң колдоо көрсөтүп, бул демилгеге ыраазычылыктарын билдиришүүдө.