Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялайт.

96 лоттон турган аукцион 2024-жылдын 25-июлунда саат 14:00дө Бишкек ш. Чокморов көч, 246 дарегинде өткөрүлөт. Арыздар 2024-жылдын 22-июлуна чейин кабыл алынат.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн талапкер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине төмөнкүлөрдү  тапшырат:

* лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
* талапкер жеке адамдын инсандыгын тастыктаган документ;
* арыз берүүчүнүн жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке жактын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;
* кепилдик взностун (депозиттин) төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери.

Кепилдик төлөмдү которуу үчүн депозиттик эсептин реквизиттери:

Алуучу: Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти
Алыш-бериш эсеби: 4402062200010083
КР ФМ Борбордук казыналык банкы
БИК 440001
Төлөм коду: 14511900
Тапшыруу: ММБД ИНН 00501201710120 конкурска катышуу үчүн депозиттин суммасы ЛОТ №_

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине, муниципалдык менчикти жана укук белгилөөчү документтерди эсепке алуу бөлүмүнө кайрылыңыздар, телефон: 0(312) 45-44-12; 0707 45-19-48.