Борбор калаада Ала-Тоо аянтындагы Эл достугу монументин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Борбордук Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун алкагында эстеликти жаңылоо, анын ичинде коло элементтерди жана барельефтин алкактарын сырдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, эски мрамор толугу менен жаңысына алмаштырылат. Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү да каралган.