Алты курулуш компаниясы  көрктөндүрүү эрежелерин бузганын Муниципалдык инспекциянын инспекторлору аныкташты. Аларга карата административдик чаралар көрүлдү.

Курулуш аянтчасынан шаардын көчөлөрүнө ылай алып чыккандыгы үчүн "Борсан Констракшн" ЖЧКсы жана "Авента Строй" ЖЧКсы айып пул төлөшөт. Дөңгөлөк жууй турган пункту орнотулганына карабастан, компаниянын кызматкерлери атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуубай, жабдууларды максатка ылайык  пайдаланышкан эмес.

Эки компания тең КРнын укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн айып пул алышты. Салынган айыптын жалпы суммасы 46 000 сомду түздү.

Андан сырткары "Ата Курулуш" ЖЧКсы жана "Кыргыз Каганат" ЖЧКсы жанаша аймагында санитардык талапты сакташкан эмес. КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин аткарбагандыгы үчүн аталган эки компанияга 13 000 сомдон айып пул салынган.

Ошондой эле топуракты муниципалдык аймакка чыгаргандыгы үчүн "Прайм холдинг"ЖЧКсы жоопкерчилик тартылды. 115 – берененин 1-бөлүгүн бузгандыгы үчүн компанияга салынган айып пулдун суммасы-17 000 сом.

Курулуш таштандыларын таштагандыгы үчүн "Ислам Строй"ЖЧКсына 23 000 сом айып салынды.Компанияга карата КР кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн.

Эскерте кетсек, муниципалдык инспекция күн сайын рейддерди өткөрүп, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга чара көрүүдө.