Борбор калаанын бардык билим берүү мекемелеринде мамлекеттик документтердин тапшыруусу аземи өттү.

Иш-чарага бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, мугалимдер жана райондук билим берүү башкармалыктардын адистери катышты.                                                
2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгында Бишкек шаары боюнча 9-класстын 17773 окуучусу жалпы негизги билими тууралуу күбөлүк, 11-класстын 8787 бүтүрүүчүсү орто билими тууралуу аттестат алышты.

8787 бүтүрүүчүнүн ичинен жыйырмадан ашуун бүтүрүүчү ЖРТнын алтын сертификатынын жана кырк беши «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттарынын ээлери.

Быйыл бүтүрүүчүлөр мамлекеттик документтерди кагаз жана электрондук түрдө алышты.                                                                                

Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору мектеп администрациялары менен биргеликте күнү-түнү нөөмөттө болушту.

Белгилей кетсек, 4-июлда жыл сайын салтка айланган “Медалистер балы” өтүп, анда “Алтын тамга” өзгөчө үлгүсүндөгү сертификаттарды тапшыруу аземи болот.