2024-жылдын 29-июнунда Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши жана  ушул эле көчөнүн Бөкөнбаевден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.

Ошондой эле, 29-июндан баштап Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат.

Андан тышкары, Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктап, аталган бөлүк эртеңден тарта ачылат.

Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү: №6, 9, 31, 12, 42, 48, 49, 52, 55, 56, 100, 103, 145, 152, 169, 212, 195 жана №4 троллейбус каттамы.

Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчүлөрдү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен күнүмдүк сапарларын алдын ала пландап алууну суранат.

Кыймыл чийме менен төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таанышууга болот:

Схемы