29-июндан тарта Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери башталат. Буга байланыштуу №3 жана №8 троллейбустук каттамдар убактылуу жабылат.

Ошондой эле №4 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Жаңы №4 троллейбустук каттам Эт комбинатынан Москва көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнө чейин, андан ары Киев көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен булгаары заводко чейин каттайт.