Борбор калаадагы аптаптуу ысык аба-ырайына байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы жасалма фонтан аркылуу абаны салкындатуу үчүн атайын техниканы колдонууда.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын 18 атайын унаасы борбор калаанын көчөлөрүнө суу чачууда.

Белгилей кетсек, коммуналдык кызмат борбор калаанын 30га жакын көчөсүнүн жолдорун, ошондой эле жашыл аймагын сугарды.

Бул чаралар абанын температурасын бир аз төмөндөтүү үчүн көрүлүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! Ден соолукка зыян келтирбөө үчүн зарыл болгон коопсуздук чараларын сактоону суранабыз.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!