Бишкек шаарынын борбордук китепканасында финансылык сабаттуулукка арналган жайкы лагерь өтүүдө.

Программанын алкагында финансылык сабаттуулук боюнча мастер-класстар өткөрүлүүдө. Катышуучулар акчанын маанилүүлүгүн жана аны туура башкаруунун жолдорун үйрөнүшөт. Тажрыйбалуу адистер финансылык сабаттуулуктун негизги принциптерин түшүндүрүшөт.

Бул убакыттын ичинде балдар чыгымдарды пландаштырууну, үнөмдөөнү үйрөнүшөт, ошондой эле бюджетти түзүү жана инвестициялоонун негиздери жөнүндө билишет. Катышуучулар топтордо иштешип, каржылык тапшырмаларды аткарышат жана кызыктуу оюндар аркылуу үйрөнгөндөрүн бекемдешет.

Балдар ошондой эле команданын духун жана кызматташуу көндүмдөрүн өркүндөтүүчү Активдүү оюндарга катышышат. Лагерь балдарга  жаңы билимдерди калтырат.