Байтик Баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

2024-жылдын 29-июнунда жогоруда аталган аймак унаа кыймылы үчүн ачылат.

Ошондой эле 29-июндан тарта Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши жана  ушул эле көчөнүн Бөкөнбаевден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.

Мындан тышкары, 29-июндан баштап Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишин 2-июлга чейин жабуу, ошондой эле Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишин 4-июлга чейин  чейин жабуу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев жана Жибек-Жолу проспектилеринде жүрүүдө.