Бишкек шаарында автоунаа түтүнүнүн зыяндуулугун алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү. Иш-чара борбор калаадагы абанын булганышын азайтуу максатында уюштурулду.
Ага мэрдин орун басары Рамиз Алиев, муниципалдык инспекция, Экологиялык, техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыктары, ошондой эле Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте автотранспорт каражаттарын текшеришти.
Түтүндүн зыяндуулугу атайын түтүн өлчөөчү жабдуулар менен текшерилди. Эреже боюнча көрсөткүчтүн жол берилген ченеми-50 пайыздан ашпашы керек. Эгер андан жогору болсо– анда ал атмосфералык абанын булганышына алып келет.
Рейддин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 234-беренеси менен 7500 сомго бир протокол түзүлдү. Калган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Транспорт каражаттарынан чыккан түтүндөн булганган абадагы зыяндуу заттарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.