Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык жамаатынын арасында “Ден соолук” спартакиадасы болуп өттү.

2024-жылдын 17-июнунан 23-майына чейин өткөн мелдешке 7 облустун спорттук делегациялары жана Бишкек жана Ош шаарларынан 2 спорттук делегация катышып, жалпысынан 600гө жакын адам катышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинен 43 адам катышты.

Мелдештердин жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин спорттук делегациясы байгелүү орундарга ээ болду:
- стритбол боюнча – 1-орун;
- Тогуз коргоол боюнча аялдар жана эркектер арасында – 1-орун;
- шахмат боюнча аялдар арасында – 1-орун, эркектер арасында – 2-орун;
- футзал боюнча – 2-орун;
- стол тенниси боюнча - 4-орун.

Бишкек шаарынын мэриясы «Ден соолук» спартакиадасынын бардык жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин ийгиликтүү оюну менен куттуктайт.