Ысык-Көлдүн жээгинде олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектептери жайкы окуу жана эс алуу лагерлерин өткөрүшөт.

Алсак, Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары 2024-жылдын 12-июнунан 21-июнуна чейин өткөн жайкы окуу жана эс алуу лагерлерине катышты. Машыгууга 227 спортчу катышты.

2024-жылдын 15-июнунан 25-июнуна чейин «Олимп» спорт мектебинин кыз-келиндер күрөшү бөлүмүнүн окуучулары үчүн жайкы ден соолукту чыңдоо лагери өткөрүлдү, ага 20 спортчу катышты.

Ден соолукту чыңдоочу лагерге грек-рим күрөшү жана самбо боюнча «АК ИЛБИРС» спорт мектебинин окуучулары да катышты. 2024-жылдын 11-июнунан 21-июнуна чейин өткөн иш-чарага 70 спортчу катышты.

Кошумчалай кетсек, 25-июндан тарта С. Жуманазаров  спорт мектебинин жеңил атлетика, биатлон жана теннис бөлүмдөрүнүн окуучулары үчүн окуу-машыгуу жыйындары башталды.
6-июлга чейин улана турган жайкы ден соолукту чыңдоо лагерине 100 спортчу катышууда.

Бардык катышуучулар дене тарбиясын чыңдоого жана кесиптик чеберчиликти жогорулатууга багытталган ар кандай спорттук жана билим берүү иш-чараларына активдүү катышууда.

Билим берүү жана эс алуу лагерлери биздин спортчулар үчүн жаңы жеңиштерге жана жетишкендиктерге карай маанилүү кадам экенин белгилей кетели.