Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Уландын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиевдин төрагалыгы алдында имараттарды оңдоо маселеси боюнча жыйын өттү.

Ошондой эле жыйынга шаардык кызматтардын өкүлдөрү, музей, китепкана жана театрлардын директорлору катышты.

Жыйындын катышуучулары төмөнкү маселелерди талкуулашты:
- оңдоп түзөө  үчүн артыкчылыктуу объекттерди аныктоо;
- оңдоо иштерин каржылоо булактары;
- оңдоп түзөө  долбоорлорун макулдашуу;
- оңдоо иштерин аткаруу мөөнөттөрү.

Район башчысы оңдоп түзөө  иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары райондук администрациянын демилгелерин колдоорун жана тийиштүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Музейлердин директорлору өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, оңдоп түзөө  иштерин жүргүзүү боюнча өз сунуштары менен бөлүштү.