Бишкек шаарында таштанды чыгаруу процессин оптималдаштыруу жана жол кыймылына терс таасирин азайтуу максатында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан дүмүрчөктөр менен бирге таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктар таратылууда.
Бул иш-чаралар жарандарга ыңгайсыздык жаратып жаткан жол тыгынына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.
Таштандыларды кечинде чогултуу жол тыгындарын азайтууга гана жардам бербестен, чыгымдарды да азайтат. Мындан тышкары, бул операция бардык катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылып, шаардагы транспорттун кыймылы эң аз учурда жүргүзүзүлөт.
Эскерте кетсек, жол тыгындарын азайтуу жана катуу таштандыларды чыгаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жарандарга таштандыларды саат 19:00дөн кийин чырауу сунушталган.