«Тазалык» муниципалдык ишканасы карызы бар абоненттердин арасында рейддерди өткөрүүдө.  

Борбор калаанын калкынын саны жыл сайын көбөйүп, тазалыкты сактоо кошумча жумушчуларды, атайын техниканы жана эмгек акыны мындан ары жогорулатууну талап кылат.

Ошондуктан “Тазалык” муниципалдык ишканасы биринчи кезекте бир нече жылдан бери катуу тиричилик калдыгы үчүн карызын төлөй элек абоненттердин үйлөрүнө барууда.

Ишкананын кызматкерлери бир жылдан ашык убакыттан бери таштанды чыгаруу үчүн акча төлөбөгөн жарандардын тосмолоруна жана эшиктерине атайын чаптамаларды жабыштырып коюшкан.

Урматтуу жарандар! “Тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды чыгаруу үчүн болгон бардык карыздарды төлөп берүүңүздөрдү суранабыз.