Жаңы 2024-2025-окуу жылына карата борбор калаанын мектептеринде оңдоо иштери уланууда.
Ленин районунун жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында оңдоо иштери текшерүү үчүн акимдин орун басары А.Джунусованын жана райондук билим берүү башкармалыгынын директору Т.Темирканованын катышуусунда көчмө жыйын өттү.
Ошондой эле Биринчи май районунда акимдин орун басары А.Арстамбекова жана райондук билим берүү башкармалыгынын директору С.Шербаеванын катышуусунда Биринчи май районунун жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына иш сапары уюштурулду.
Мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук системасынын түтүктөрүн, электр системаларын алмаштыруу, спорт залдарды, жуунучу бөлмөлөрдү оңдоо, терезелерди алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бекитилген графикке ылайык, оңдоо иштери аяктаганга чейин текшерүүлөр уланат. Бардык билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр болушу балдарды окутуу жана тарбиялоо үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздай алышы маанилүү.