Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын орус тилдүү тарбиячылары жана педагогдору, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын расмий тилдүү кызматкерлери үчүн «Кыргыз тилин үйрөнөбүз» аталышындагы окуу курстарын өткөрүп жатат.

Окуу курстары «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.