Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары оор атлетика боюнча Борбор Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту.

Мелдеш 2024-жылдын 20-июнунан 24-июнуна чейин Өзбекстандын Чирчик шаарында өттү.

Иш-чаранын максаты - Борбор Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын ортосундагы достукту чыңдоо, жаштарды системалуу оор атлетикага тартуу жана спорттук чеберчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:
Баяна Догдурбекова – 3-орун (59 кг);
Анисия Байгачева – 2-орун (64 кг);
Жамиля Жеңишбек – 3-орун (71 кг);
Агата Байгачева – 3-орун (+71 кг);
Арсен Өмүржанов – 2-орун (61 кг).