Свердлов районунун аймагында 26-июндан тарта бардык каалоочулар үчүн спорттун активдүү түрлөрү башталат.
Сабактар Каражыгач токоюнда ар шаршемби күнү саат 16:00дө акысыз өтөт.
Алдын ала графиги:
26 июнь-бий боюнча мастер-класс;
3 – июль-стол оюндары боюнча мелдеш: шахмат, шашки, тогуз коргоол, ордо;
10-июль - стол тенниси боюнча мелдеш;
17-июль ден -соолукту чыңдоочу гимнастика боюнча мастер-класс.
Белгилей кетсек, сабактарды квалификациялуу тренерлер жана инструкторлор окутат.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын жана борбордун конокторун жакындары менен убакыт өткөрүүгө чакырат.