Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Азамат Кадыров менен Zaha Hadid Architects компаниясынын директору Мануэла Гатто айымдын жолугушуусу болуп өттү.

Ошондой эле архитектура жана дизайн дүйнөсүндөгү алдыңкы компаниялардын биринин башкы кызматкери  Евгения Позигун жана Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды: борбор калаа үчүн ипподром, олимпиадалык бассейн, коомдук жайлар, музейлер, жаңы автобекеттер жана башка көптөгөн инфраструктуралык долбоорлор сыяктуу концептуалдык долбоорлорду ишке ашыруу.

Zaha Hadid Architects компаниясынын өкүлдөрү презентация жасап, буга чейин кандай долбоорлорду ишке ашырууга жетишкендиктерин айтып беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Маалымат: Zaha Hadid Architects - инновациялык изилдөө, иштеп чыгуу жана заманбап дизайнды ишке ашыруу боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Компания дүйнө жүзү боюнча өзүнүн амбициялуу долбоорлору менен белгилүү, анын ичинде турак-жай жана кеңсе имараттары, коомдук имараттар, аэропорттор, көпүрөлөр, музейлер жана маданий борборлор.

Zaha Hadid Architects ар кандай тармактарда дүйнөнүн эң ири корпорациялары менен жигердүү кызматташып, 44 өлкөдө 1000ден ашык долбоорду ишке ашырган.