Октябрь  районунун аймагында Ала-Арча дарыясынын нугун, Ахунбаев көчөсүндөгү көпүрөдөн түштүктү карай механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат.

Иш-чарага «Бишкекжашылкурулуш» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылган.

Бул багыттагы иштерди жүргүзүү бүтөлүп калуудан,  каналдагы таштандылардан арылууга жардам берет.

Белгилей кетчү нерсе, эч кандай чара көрүлбөсө, сырткы көрүнүш убакыттын өтүшү менен начарлай берет.

Бул багыттагы иштер улантылат.