Бүгүн, 25-июнда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жамааты Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы Ажыбек баатыр көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки Абдымомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү жаңылоо иштерин баштады.

Андан ары Т.Усубалиев атындагы аянттагы жол белгилерин жаңылоону баштоо пландалууда.

Баялинов көчөсүн бойлото Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин катуу, үзүлгөн, чекиттүү сызыктарды жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктү тартуу иштери аяктады.

Ушундай эле жумуштар Эркиндик бульвары боюнча Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин, Москва көчөсү менен Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.

Капиталдык оңдоодон кийин Ахунбаев көчөсүндө Малдыбаев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки жол сызыктары жаңыртылды.