Шаардыктарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын  мэриясы 2024-2025-жылдын  жылуулук мезгилине даярдыктарды  кызуу  жүргүүзүдө.

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын №1 участкасы  боюнча баардык отканалары пландалган оңдоп-түзөө иштерин аткарууда.

Жал кичи районунда жылуулук өткөрүүчү 900м түтүктөрдү  жаңыртуу иштери бүттү.

Белгилей кетсек №1 участкада жалпы 5 откана жайгашкан:
1. "Ротор" отканасында  жалпы 73 обьектти,  анын ичинен 3 орто мектеп, 1 балдар ооруканасын, 1 университетти (КТУ Манас)  жана 67 турак-жайды тейлейт.
2. "Жал" отканасында   жалпы 55 обьектти, анын ичинен 1 орто мектеп, 1бала –бакча, 1 аскердик окуу-жайды  жана 52 турак-жайды тейлейт.
3. "Жал-29" отканасы  жалпы  16 обьекти, анын ичинде 1 орто мектеп жана 15 турак-жайды  тейлейт.
4. "ЦСАД" отканасы балдардын социалдык адаптация борборун жана 1 поликлиниканы тейлейт.
5. "Арча-Бешик79" отканасы №79 орто мектепти тейлейт.