"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы Чоң-Курган көчөсүндөгү Д-300 мм шаардык суу түтүгүнө кошуу иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.

Буга байланыштуу 2024-жылдын 27-июнунда Красный строитель конушунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, ишканаларды, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди, ошондой эле калкты өчүрүү мезгилине ичүүчү суу камдап алууларын суранат.