"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Дордой-2 конушунун көчөлөрүнө жарык орнотуу иштерин аяктады.

Бул долбоордун алкагында 12-көчөдө төмөнкү иштер жүргүзүлдү:

* 23 даана 100 Вт чырак орнотулду.
* 23 кронштейн орнотулду.
* 1000 метр өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды.
* 21 түркүк орнотулду.

Жүргүзүлгөн жумуштар караңгы мезгилде көрүнүүнү жакшыртып, жашоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат.