Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору өз кызматын ведомстволук форма менен аткарышат.

Формалар кызматкерлердин статусун жана таанылышын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Аны иштеп чыгууда функционалдуулукка, кийүү жеңилдигине жана ыңгайлуулукка  көңүл бурулган.

Жалпысынан тазалык жана тартип сакчыларына 64 комплект форма берилди. Учурда ведомстволук форманын калган бөлүгү даярдалып жатат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын жыл башында түзүлгөн муниципалдык инспекциясы борбор калаадагы көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти көзөмөлдөйт.