Свердлов акимиатында Кубанычбек Айтакуновдун төрагалыгы алдында укук бузуулардын алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмеси   өттү.

Акимиаттын жетекчилиги, Свердлов районунун ИИБ жана МСКБнын начальниктери катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
- Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагындагы коомдук-саясий кырдаал жана 2024-жылдын 30-июнунда боло турган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо УШКда коомдук укук тартибин камсыз кылууда көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө;
- райондун аймагында ишкердик субъекттеринин арасында муниципалдык участокторду мыйзамсыз пайдалануу, башаламан соода фактылары;
- "Дордой" соода базар комплексинин курамына кирген рыноктордо экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлердин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган өзгөчө режимге өтүшү, ошондой эле райондун аймагында башка рыноктордо соода жүргүзүү менен экономикалык иш жүргүзгөн жарандарды контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу менен бирдиктүү салыктын негизиндеги ишке которуу.

Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.