“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдүн клумбасын жайгаштыруу жана ага өсүмдүктөрдү тандоо эрежелерин жакшы билишет.

Бир жылдык гүлдөрдүн өсүмдүк курамы көптөгөн артыкчылыктарга ээ:

- отургузулгандан биринчи жылы эле түстүү гүлдөп, көздүн жоосун алат;
- өзгөчө камкордукту талап кылбайт;
- конструкцияны жыл сайын өзгөртүүгө жана кемчиликтерди тез оңдоого мүмкүндүк берет.

Эреже катары, бардык жылдык өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугаруу зарыл. Ошондуктан борбор калаанын багбандары күн сайын таң эртеден баштап шаардагы 30дан ашык гүлзарларды отоо менен алек болуп, кечинде мол сугарышат.

Жарандар Жаштар аллеясында, Театралдык паркта, Тоголок Молдо атындагы сейил бакта, «Каражыгач токоюнда», «Ынтымак-1», «Ынтымак-2», Эмен ж.б. парктарда түркүн түстүү өсүмдүктөрдүн гүлдөшүнө күбө боло алышат.