Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэрдин орун басарлары Жамалбек Ырсалиев менен Рамиз Алиевдин катышуусунда атайын техникаларды өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн расмий өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда Р.Алиев муниципалитет диалогго даяр экенин жана Бишкек мэриясы талап кылган атайын унаалардын техникалык параметрлерин камсыздап жатканын белгиледи. 350дөн ашык атайын техниканы сатып алуу пландалууда.

Бул атайын унааларды сатып алуунун милдеттүү шарты болуп, түз өндүрүүчүлөр менен (ортомчуларысыз) арзан баада, жогорку сапаттагы атайын техника сатып алууда келишим түзүү болуп саналат.

Ачыктык жана айкындуулук максатында Бишкек шаарынын мэриясы үчүн атайын жабдууларды алып келүүнү каалаган заводдордун өкүлдөрү чакырылган.

Өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү тактоо суроолорун берип, үч күндүн ичинде коммерциялык сунуштарын берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.