Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын дарегине шаардыктардан мыйзамсыз өрттөө боюнча арыздар түшүүдө.

Мындай кайрылуулардын Кара-Жыгач конушунун тургундарынан келип түшкөн. Арызда  көрктөндүрүү эрежелерин бузууну далилдеген видео көрсөтүлгөн.  

Экологияны бузган адам куураган чөптү өрттөгөнү аныкталды, арасында пластиктин күйгөн калдыктары көрүүгө болот.
Жашоочулардын айтымында, алардын кошунасы борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин көп тогото бербейт.
Ал короосунда түтөтүп таштандыларды дагы өрттөй берет.
Эреже бузуучуга Муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан КРнын укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү ылайык протокол түзүлдү.
Бирок шаар тургуну өздүгүн тастыктаган документтерди инспекторлорго көрсөтүүдөн баш тарткан.
Инспекторлор тарабынан КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Мыйзам бузуучу документти кабыл алуудан да баш тартып, протокол анын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилген.  

Ушундай эле мыйзам бузуу Арча-Бешик конушунун Ак-Туз көчөсү № 26 дарегинде катталган.  

Жеке мончонун ээси отко целлофан баштыктарды жаккан. Бул эки бузуу үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 7 500 сом өлчөмүндө жоопкерчилик тартылат.  
Ошондой эле мончонун ээсине тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, бул бузуу үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин айып пул каралаарын эскертебиз.