Свердлов райондук администрациясында социалдык маанилүү оорулар боюнча көп секторлуу ведомстволор аралык координациялык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
-  жугуштуу оорулардын жугуу жолдору жана анын себептери, алдын алуу чаралары;
- зооантропоноздук инфекциялар – бруцеллез, эхинококкоз, кургак учук;
- жашы жете электердин баңги жана никотинге көз карандылыгы. Дарыкана көз карандылыгы.

Жыйынга Бишкек шаардык ветеринария башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Республикалык психикалык ден соолук борборунун жана РИИБдин кызматкерлери катышты.

Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.