Бишкек шаарында таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо уланууда.
Ахунбаев/Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде "Таштанды таштоого тыюу салынат"деген атайын эскертүүчү баннер орнотулду.
Буга карабастан, жеке сектордун жашоочулары бул жерди таштанды чыгаруучу жайга айландырышты.
Мындай көрүнүш Иса Ахунбаев көчөсү менен кесилишкен Молдокулов, Ой-Терскен жана Жеңижок көчөлөрүндө да байкалат.
Тазалык бузгандарга Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы айып пул салат.
Бул үчүн белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренеси боюнча айып салынат.
Урматтуу шаардыктар, уюмдар! Борборду көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз. Административдик жоопкерчиликти унутпаңыз.