Үстүбүздөгү жылдын 23-июнунан тарта Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Ал бир нече этап менен ишке ашат.

Ага ылайык аталган көчө, капиталдык оңдоонун биринчи этабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун түндүк тарабы жабылат.

Буга байланыштуу №5 троллейбустун каттамы убактылуу жабылып, №11 троллейбустун каттамы жарым-жартылай өзгөртүлөт.

Ошентип, №11 маршруттук каттам Батыш автобекетинен Манас проспектиси, Ахунбаев көчөсү менен Жал кичи районуна чейин каттайт.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчүлөрдү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Схема