Борбор калаанын акимиаттарында социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиялар иштеп жатат. 

Алсак, Биринчи май району боюнча бизнес-долбоор боюнча 16 материал каралып, анын ичинен 10 документ жактырылган, 6 материал кайра кароого жиберилген.

 Жалпысынан быйылкы жылы социалдык келишимдин негизинде 40 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт.

 Белгилей кетсек, бул долбоор  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдардан арылтуу боюнча активдүү иш-аракеттерге шыктандыруу жана алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, жүрүм-турумунун багуучулук мотивин азайтуу максатында иштелип чыккан.